Баткендеги этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүлдү
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы, Кадамжай жана Баткен райондорундагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Жергиликтүү бийлик жетекчилеринин катышуусу менен 130 үй-бүлөгө бир каптан ун жана өсүмдүк майы таратылды.
Көмөк алгандардын көпчүлүгү коңшу Өзбекстандан жер которгон этникалык кыргыздар болсо, калганы Тажикстандан келген журтташтар.
Ссылка: https://barometr.kg/etnikalyk-kyrgyzdarga-gumanitardyk-zhardam-krstld
Добавить комментарий ×