Эстониянын компаниясы таштанты полигонундагы ишти кайра баштайт

19 октябрь 2021 13:53 895 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эстониянын компаниясы кечээ, 18-октябрда таштанды полигонундагы ишин кайра жаңылады. Бул тууралуу Бишкектин биринчи вице-мэри Максат Сазыкулов эфир маалында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

“Таштанды полигонунун иши 5-6 жылдан бери чечилбей келет. Бир компания тендерден утуп алып бир жарым жылдан бери эч нерсе кылган жок. Кечээ алар ишти кайрадан башташты. Жергиликтүү тургундар таштанды өрттөнүп жатканын көрүп жатышат. Компания биринчи кезекте өрттү өчүрүшү керек”,-деп айтты ал.

Буга чейин Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев Эстониянын компаниясы таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча тендерден утуп алганын билдирген. Анын айтымында, мэрия компанияга келишимди бузуу тууралуу кат жөнөткөн.Ал таштанды полигонунун санитардык абалы начар экенин кошумчалаган.

Ссылка: https://barometr.kg/estoniyanyn-kompaniyasy-tashtanty-poligonundagy-ishti-kajra-bashtajt



Добавить комментарий