Эртөштүк, Жамайка жана Лексус. 2019-жылы балдарга ыйгарылган өзгөчө аттар

4 март 2020 17:55 3076 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Былтыр жаңы төрөлгөн ымыркайларга Умар менен Раяны деген ысымдар көп коюлган. Бул тууралуу Каттоо кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле, балдарга Алинур, Алихан, Нурислам жана Али деген аттар көп коюлса, кыздуу болгондор Амина, Алия, Айлин деген аттарды тандашкан.

Кыргызстан боюнча Умар менен Раяна деген аттар Кыргызстанда балдарга эң көп коюлган ат катары бир топ жылдан бери сакталып келе жатат.

Ал эми балдар арасында эң сейрек кездешкен ысымдар төмөнкүдөй: Айюб, Абу Бакр, Байилим, Эртөштүк, Чыракбек, Чынгызхан, Үрүстөм, Ийгилик, Рудольф, Океан, Лексус, Баласагын, Ахиллес, Аль-Фатих.

Кыздар арасында өзгөчөлөнгөн ысымдар болсо мындай: Жамайка, Жаңыл Мырза, Миңгүл, Ай-Күн, Океана, Ай-София, Луна, Көркөмай, Чачыке, Ветта, Умара, Таттыбүбү.

Ссылка: https://barometr.kg/ertshtk-zhamajka-zhana-leksus-2019-zhyly-baldarga-yjgarylgan-zgch-attar



Добавить комментарий