Эртеңден баштап күн сууктап, айрым жерлерге кар жаайт
8-9-ноябрда күн сууктап, айрым аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрүндө жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, карга айланат.
Жолдун тоолуу аймактарында кар күрткүсү түшөт.
Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
9-10-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз +3...+8.
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1 градус суук болушу күтүлөт.Күндүз 0...+5.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 суук, күндүз +1...+6,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5… -10, күндүз -3...+2, тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15 суук.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда малды кармоону, унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/erteden-bashtap-kn-suuktap-ajrym-zherlerge-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×