Эртең Бишкекке «Спутник Лайт» вакцинасы көмөк катары жеткирилет

11 ноябрь 2021 20:58 2113 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 12-ноябрда Бишкекке 200 миң доза Россиянын коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасы жеткирилет. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиянын элчилигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Бул максатта Россиянын өкмөтү тарабынан 1,2 млн доллар бөлүндү, дары Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө кайтарымсыз көмөк катары берилет.

«Спутник Лайт» (Sputnik Lite)-бул Россиянын «Спутник V» вакцинасынын жеңилдетилген түрү, аны алгандан соң препараттын экинчи дозасын сайдыруу талап кылынбайт. Вакцина 2021-жылдын 29-мартында Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинен каттоодон өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-bishkekke-sputnik-lajt-vakcinasy-kmk-katary-zhetkirilet



Добавить комментарий