Азимбек Бекназаровго элчи кызматы сунушталды

16 декабрь 2019 18:53 4750 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең 17- декабрда парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин  отурумунда депутаттар Азимбек Бекназаровдун таларкерлигин Малайзиядагы Кыргызстандын элчилик кызматына  карашат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди. 

Белгилей кетсек Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султановдун кызматтан кеткенине байланыштуу, бул кызмат орду жарым жылдан бери бош болчу.

Азимбек Бекназаровдун кандидатурасын Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-azimbek-beknazarovdun-kandidaturasy-karalat



Добавить комментарий