Кылычбек Султанов: Бекназаровду Малай тилин билбейт деп кодулоо суу кечпейт

19 декабрь 2019 11:44 2297 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп бекитилиши боюнча мурдагы элчи Кылычбек Султанов социалдык тармактан пикирин жазды

"Биринчиден, Дүйнөлүк практикада, анын ичинде Кыргызстанда дагы Элчи кызматы саясый кызмат болуп саналат. Ошондуктан Элчилик кызматка кадрдык дипломаттардын дайындалышы да, саясий, маданий ишмерлердин же аскердик адамдардын дайындалышы да кадимки эле көрүнүш экенин моюнга алышыбыз керек жана мунун тегерегинде саясий спекуляция кылуу негизсиз. Экинчиден, тил тууралуу... Алыска барбай эле ушул Кыргызстандагы чет өлкөлүк Элчилердин канчасы кыргыз тилин билет деп айта алабыз? Ашып кетсе 5 пайызы. Дагы 50 пайызы орус тилин билиши мүмкүн. Ал эми калгандары Англис тилинде алака кылышат. Ошондуктан Азимбек Бекназаровду Малай тилин билбейт деп кодулоо суу кечпейт. Ал эми Англис тилин да билбесе, анда сындоого негиз бар. Чын чынында, Элибизди ойлонтуучу эң негизги суроо – чиновник Эл үчүн, Мамлекет үчүн иштеп береби же жеке кызыкчылыгы үчүн, кандайдыр бир кландын кызыкчылыгы үчүн иштейби? Мына ушул нерсе көңүл бурууга татыктуу эң башкы критерий!!!",  - деп билдирди мурдагы элчи.

Ссылка: https://barometr.kg/azimbek-beknazarovdun-elchi-bolup-dajyndalyshy-tuuraluu



Добавить комментарий