Азимбек Бекназаровдун бир тууганы каза болду
Бөлүшүү:
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун бир тууган эжеси каза болду. Бул тууралуу Бекназаровдун уулу фейсбук баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Бекназаровдун эжеси бүгүн, 13-ноябрда көз жумган.
“Күндөрдүн улугу жума күнү 77 жаш курагында атамдын бир тууган эжеси Алмакан эжебиз дүйнө салды.
Аллах өз ырайымына алсын.
Жума намазында дуба кылып коюшуңуздарды суранабыз”, - деп жазган Руслан Бекназаров.
Ссылка: https://barometr.kg/azimbek-beknazarovdun-bir-tuugany-kaza-boldu
Добавить комментарий ×