9-сентябрда «Түндүк электр» ишканасы карызын төлөбөгөн 7 миң абоненттин жарыгын өчүрөт

8 сентябрь 2020 10:11 945 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 9-сентябрда «Түндүк электр» Ачык акционердик коому жети миңден ашуун абоненттин электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ага ылайык, ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. “Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, "UMAI", «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», « КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр,  төлөм тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

“Акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу мекеменин маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-9-sentyabrda-tndk-elektr-ishkanasy-karyzyn-tlbgn-9-mi-abonenttin-zharygyn-chrt



Добавить комментарий