Эрнис Кыязов: “Өзүмдү Орусиянын бир облусунда жашагандай сезип кетем”
Журналист, 5-теле каналдын жетекчиси Эрнис Кыязов борбордогу тамактануучу жайлардын бирине барып, кыргызчаны жакшы билбеген тейлөөчү кыз менен болгон диалогунан бир үзүм Facebook баракчасына жарыялады.
Анын жазган посту көпчүлүк интернет колдонуучуларынын кыргыз тилине байланыштуу пикирлерин жазуусуна жем таштады:
“Бишкекте эле жашап кээде ушу өзүмдү Орусиянын бир облусунда жашагандай сезип кеткен учурлар болот. Атагы түзүк эле кафелердин бирине кирип, тейлөөчү кыздар менен саламдашып анан сурап атам:
-Биз эки адамбыз, сүйлөшүп отурганга музыкасы жок, элден далдоороок жериңер барбы?
Кыз:-Не поняла байке, далдо что это такое?
Мен кайра:-Эл-журттан обочороок, тынчыраак жериңер барбы?
Кыз:-Байке , извините, обочо - как понять, түшүнбөдүм.
Ушундай достор”, – деп жазды журналист.
Эрнис Кыязовдун жазган постуна “Эмнегедир Кыргызстанда гана орусча сүйлөгөн мода, муну калтырыш кыйын болуп калды го. Кайсы мамлекетке барба өз тилинде сүйлөшөт. Кыргызмын деген түшүнүк болсо гана оруска жана башка улуттун өкүлдөрүнө орусча сүйлөп, кыргыздарга кыргызча сүйлөп калабыз го! Үмүтүбүз өчпөсүн” – деген өңүттөгү пикирлерди калтырышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/ernis-kyyazov-zmd-orusiyanyn-bir-oblusunda-zhashagandaj-sezip-ketem
Добавить комментарий ×