Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтинге 3-орунга көтөрүлдү

15 октябрь 2021 12:37 6828 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркин күрөш стили боюнча Кыргызстандын балбаны Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 3-орунга чыкты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Жаңыртылган рейтинг Норвегиядагы дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Осло шаарында Акматалиев 70 кг салмакка чейинки турнирде күч сынашып, финалга чыгып 2-орунду камсыздап, күмүш медаль алган.

Анын натыйжасында кыргыз балбаны 40 упай алып, дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/ernazar-akmataliev-djnlk-rejtinge-3-orunga-ktrld



Добавить комментарий