Эрмек Нургазиев бир күн өтпөй мэрлик кызматтан бошотулду. Буга эмне себеп болду
Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок, өлкө башчы Садыр Жапаров дагы Нургазиевдин мэр болуп келишине каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу Жапровдун соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бирок, арадан бир нече саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени кабарланууда
“Албетте, жаш, таза, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес”, - деп жазды Жапаров.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен мэрлик кызматтан кеткендигине байланыштуу калаа башчысынын милдетин аткаруу үчүн Эрмек Нургазиев дайындалган. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 9-февралда премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Ссылка: https://barometr.kg/ermek-nurgaziev-bir-kn-tpj-merlik-kyzmattan-boshotuldu-buga-emne-sebep-boldu
Добавить комментарий ×