Түлөбаев: Өз каалоом менен кызматтан кетип жатам

9 февраля 2021 10:37 1123 Barometr
Поделиться в:
ok

Балбак Түлөбаев мэриянын кызматкерлерине биргелешип иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирип, кызматтан өз каалоосу менен кеткенин айтты. Бул тууралуу Түлөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Мен мэрияда үч жылдан бери иштейм. Мен Азиз Эмилбековичке рахмат айткым келет. Мени мэрдин милдетин аткаруучулук кызматка дайындагандыгы үчүн Садыр Нуркожоевичке рахмат. Баарыңыздарга рахмат", - деп Түлөбаев ыраазычылыгын билдирди.

Ошону менен катары эле, ал бир аз эс алып, ден соолугун чыңдап алып анан кандай жумушка барарын ойлонорун айтты.

“Мен тынымсыз иштедим. Шаардын тынчтыгын, биримдигин жана өсүп-өнүгүүсү үчүн аракет кылдым. Ооруп жатсам да иштөөгө туура келди. Президент иштеп турууну суранды. Бирок, ден соолугума да көңүл бөлбөсөм болбой калды.  Эми жаштар, жаңы жүздөр, элим-жерим деген азаматтар ушундай жогорку кызматтарга келсин да”, - деди ал.

“Мен шаарда болгон көйгөйлөрдү алып чыгып, иретке келтирип, дайындап койдум. Жаңы мэрге баары даяр. Эми иштеши гана керек”, - деп кошумчалады Түлөбаев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев келди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кече, 8-февралда кызматтан өз каалоосу менен кетип жатканын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-z-kaaloom-menen-kyzmattan-ketip-zhatam-den-soolugumdu-kalybyna-keltirip-darylanyshym-kerek



Добавить комментарий