Эркиндик бульварында жер төлөдө ысык суу түтүгү жарылды
Бөлүшүү:
Бишкектеги Эркиндик бульварындагы имараттын жер төлөсүндө ысык суу өтүүчү түтүк жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу түтүгү бүгүн, 14-ноябрь түнкү саат 02:45 чамасында болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жер төлөдөгү сууну сордургуч менен тазалап беришкен.
Жабырлануучулар катталган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/erkindik-bulvarynda-zher-tld-ysyk-suu-ttg-zharyldy
Добавить комментарий ×