Эркин күрөш боюнча республика чемпионаты өтөт

12 январь 2023 10:41 1596 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркин күрөш боюнча республика чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Белгилүү болгондой, 23-24-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт.

Чемпионат  улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында күрөштү  популяризациялоо максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш UWW эл аралык уюмунун бекиткен  эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.

Спортчулар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг салмак категорияларында күч сынашат.  

Мелдештердин башталышы: 23-январь, саат  11:00.

Ачылыш аземи – 23 январь саат 17:00до.


Ссылка: https://barometr.kg/erkin-krsh-boyuncha-respublika-chempionaty-tt



Добавить комментарий