Эркин Асрандиев эмнеге миңдеген доллар айлыктан баш тартып вице-премьер болуугу макул болгонун айтты
Вице-премьердин айлыгы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасыныкынан 20 эсе аз экенин депутат Сайдулла Нышанов парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Учурда депутаттар аталган фондунун башчысы Эркин Асрандиевдин талапкерлигин вице-премьерликке карап жатат.
"Эркин Асрандиев татыктуу талапкер деп ойлойм. Ар бир кадамын этияттап жасаган киши катары баалайт элем. Бирок бир нерсе бар да. Бул жерде вице-премьердин айлыгы 20 эсе аз деп жатат. Сизге бул кандай сезим берет? Ходорковский түрмөдөн чыккандан кийин акчаны көп тапкандан кийин анын кызыкчылыгы болбой калды, жашоодо башка дагы нерселер бар экен деп айткан. Сиздин оюңуз кандай болот?" — деп ал суроо салды.
Өз кезегинде Асрандиев жаңы сунушталып жаткан кызмат абдан жоопкерчиликтүү кызмат экенин белгиледи.
"Менин оюмча азыркы жаңы жумуш өтө чоң жоопкерчилик. Мен үчүн мамлекетке кызмат кылганга чоң мүмкүнчүлүк. Ошондуктан мындай учурда жалаң гана айлыкты карай бербестен иштеш керек", — деп жооп кайтарды.
Белгилей кетсек, Эркин Асрандиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы.
Добавить комментарий ×