Эркектердин төшөктө муздак болушу эмнеден улам келип чыгат?

15 апрель 2019 09:27 3158 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк учурда фригидүү болуу бул аялдарга гана таандык деп ойлосоңуз жаңылышасыз.Эркектер дагы муну менен жабыркашат. Эгерде илимдин тили менен айта турган болсок эркектердин муздак болушу-алибидемия деп аталат.Эң эле кооптуусу уламдан-улам жаш эркектер ушундай оору менен жабыркай баштаганында.

Эркектердин муздак болушу эмнеден улам келип чыгат?

Жалпы алганда бул эркектердин төшөккө карата каалоосунун такыр жоголуп кетиши же азайышы. Коомчулукта бул маселе аз талкууланат. Көпчүлүк эркектер адиске кайрылбай өз алдынча маселе чечкиси келгени дагы абалды кыйындатат.

Сексологдор эркектердин сексуалдык активдүүлүгүн үч  даражада бөлүшөт: алсыз, орточо жана активдүү.

Муздак болуу маселеси тубаса же болбосо кийин келип чыгышы мүмкүн.

Буга түрткү берген жагдайлар төмөнкүлөр:

Стресс

Стресс бизди баардык жерде күтүп турат-үйдө, транспортто, достор арасында. Эркектер көп учурда стресс шарттарында иштейт жана андан улам төшөк муздактыгы пайда болот.

Ден соолуктун бузулушу

Атеросклероз, диабет, заара бөлүп чыгаруу органдарынын оорулары, алкоголизм, психикалык жактан депрессия болуу, невроз, шизофрения дагы төшөк маселесин пайда кылат.

Жаш курак

45 жаштан кийин эркектердин сексуалдык активдүүлүгү төмөндөйт.Бирок муну алдын алуу үчүн зарыл болгон терапиядан өтүү кажет.

Ушундай абалда болсо эмне кылуу керек?

Биринчи кезекте адистерге кайрылып, сексолог жана уролог менен иштөө зарыл. Натыйжаны дароо эле бербесе дагы сөзсүз акыры жакшы жыйынтыктарды берет.    

Экинчиден, убагында эс алуу, ишти унутуп чыныгы эс алуу дагы эркекти калыбына келтирүүгө көмөктөшөт. Аял бул учурда жубайына чын дилден колдоо көрсөтүүсү зарыл.

 

Ссылка: https://barometr.kg/erkekterdin-tshkt-muzdak-bolushu-emneden-ulam-kelip-chygat



Добавить комментарий