Эркектердин көңүлдөш күткөн кездеги өзгөрүүлөрү кандай болот?

14 август 2019 18:00 6341 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1. Калпты көп айта баштайт. Башкача айтканда, “эмгекчил” же “жамаатчыл” болуп чыга келет. Мурункуга караганда “6-күнү да иштейм” же “жамаат менен мончого (саунага) барышым керек” деп турат.

2. Үйдө да чөнтөк телефонун коюп койбой, жанынан түшүрбөй калат. Сизден оолак барып же ваннага кирип алып сүйлөшөт.

3. Эгер машинасы бар болсо, анысы улам эле бузула баштайт. “Оңдотуп жүрүп кеч

келдим” деп актануу адатка айланат. Машинадагы орундуктар жылып, кээде косметика каражаттары калып калган болот.

4. Күндө мурункуга караганда кылдат кырынып, атыр колдонууга өтөт. Жынсысын

стилдүү костюмга алмаштырат.

5. Төшөктө рахатка мурункудай бөлөбөйт. Төшөк оюндарынын саны азаят. Муну чарчап жүргөнүнө шылтоолойт.  

6. Сүйлөгөндө жаңы сөздөрдү кошуп сүйлөйт. Мурун юмор менен сүйлөбөсө, эми тамаша аралаштырып калат. Мимикалары, кол шилтөөлөрү, сүйлөө манералары өзгөрөт. Психологдор сүйүп калган адам өзү сезбей, сүйгөнүнүн кээ бир кыймыл-аракетин, сүйлөгөнүн туурап калат дешет. Кээ бир кыйын аялдар күйөөсүнүн өзгөргөн мимика, кол кыймылдарына карап үй-бүлөлүк тааныштарынын ичинде кайсы аял ошондой сапаттарга ээ экенин изилдеп, акыры күндөшүн таап алат. Мүнөзү өзгөрүлөт. Мурункуга салыштырмалуу өзүн шайыр же туталанып, жинденген абалда алып жүрө баштайт. Кемчиликтериңизди көп айтууга өтөт. Байкасаңыз, сырткы келбетиңизди бирөөлөрдүкү менен салыштырып жаткандай болот. Же мүнөзү түнт тартып кетет.

7. Акча белгисиз тарапка кете баштайт. Өзгөчө бул майрам алдында байкалат.

Азыр ар бир үчүнчү аялдын бири сүйүктүү күйөөсүнүн ала жипти атташына туш болгон. Муну ар бир аял ар кандай кабыл алат: айрымдар үчүн чоң трагедия болсо, айрымдарга катардагы көрүнүш. Кээ бир айымдар күйөөсүнүн мындай чыккынчылыгын балдары үчүн кечиришсе, кээлери эч нерсеге карабай басып кетишет. Негизи эле эркектер аялдарын эмне үчүн башка менен алмаштырышат? Аны кечирүү керекпи же жокпу? Бул суроолого өзүңүз да ойлонуп көрүнуз да жыйынтык чыгарыңыз.


Ссылка: https://barometr.kg/erkekterdin-kndsh-ktkn-kezdegi-zgrlr



Добавить комментарий