Эркектер эмне үчүн аялын алмаштырышат?

3 июнь 2019 09:00 10074 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул сөз канчалык кулакка жагымсыз угулбасын, азыр ар бир үчүнчү аялдын бири сүйүктүү күйөөсүнүн ала жипти атташына туш болгон. Муну ар бир аял ар кандай кабыл алат: айрымдар үчүн чоң трагедия болсо, айрымдарга катардагы көрүнүш. Кээ бир айымдар күйөөсүнүн мындай чыккынчылыгын балдары үчүн кечиришсе, кээлери эч нерсеге карабай басып кетишет. Негизи эле эркектер аялдарын эмне үчүн башка менен алмаштырышат? Аны кечирүү керекпи же жокпу? Күйөөнү буга чейин жеткирбеш үчүн эмне кылыш керек? Бул суроолорго төмөнкү макала жооп берет.


Эркектер эмне үчүн аялын алмаштырышат?

1. Эркектин аялын алмаштырышы - бул алардын мамилесинин жакшы эместигинен кабар берет.

2. Сезим муздап, сүйүү өчүп калганда аялынын көзүнө чөп салышат.

3. Үй-бүлөлүк маселелерден тажаганда же тескерисинче, үйдө бардыгы өтө эле жакшы болгондо да эркектер сол жакка басышат.

4. Айрым эркектер табиятынан аял жандуу болгондугу үчүн аялын башкага алмаштырышат. Аны өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Эки гана жолу бар: же ал кандай болсо ошондой кабыл алуу керек, же ажырашуу керек.

5. Эң негизги себеби - ортодогу мамиледе колдоонун, ишенимдин жоктугу. Мындай учурда эркек үчүн көңүлдөшү дос да, маектеш да, аны түшүнгөн колдоочу да болуп калат


Ссылка: https://barometr.kg/erkekter-emne-chn-ayalyn-almashtyryshat



Добавить комментарий