Эркек киши аялын өлтүрүп, атасы анын ордуна күнөөнү мойнуна алмак болгон

3 сентябрь 2021 16:21 1839 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган кабарга таянсак, 2-сентябрда болжол менен кечки саат 7де  укук коргоо органдарына Кольбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде аялдын каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Милициянын патрулдук кызматынын башкармалыгынын инспекторлору барган, бирок ал үйдө жашаган аял үй-бүлөлүк чатак болгонун жана милиция барганга чейин жубайлар элдешкенин айткан.

Бирок башка бир тургун келинин өлтүрүп алганын, киши өлтүрүү фактысы Бишкекте болгонун маалымдаган.

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн менен патрулдук милициянын кызматкерлери окуя болгон жерге барып 1986-жылы туулган А.Д.ны кармашты. Көрсө Бишкектин тургуну уулунун ордуна күнөөнү мойнуна алып жаткан экен. Ал эми анын уулу аялын өлтүрүп койгону белгилүү болду.

Кармалган жаран милицияга жеткирилди.Тергөө башталды.

  

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-kishi-ayalyn-ltrp-atasy-anyn-orduna-knn-mojnuna-almak-bolgon



Добавить комментарий