ИИМ өзгөчө абал режимин бузгандар кандай жоопко тартыларын билдирди

24 март 2020 13:02 1918 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен өлкөдө «өзгөчө кырдаал» киргизилип, коронавирус илдетинин мындан ары жайылып кетишин болтурбоого багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Өз кезегинде, ИИМги санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана карантин жарыяланган аймактан материалдарды ташуу тартибин бузгандарга карата катуу чараларды көрүлүүдө. ИИМ жарандарга дагы бир жолу эскертет, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Үй карантинин, обсервациянын шарттарын бузган жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 280-беренесине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу-
этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууну, адамдардын уулануусун же башка оор зыянды келтирген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же этиятсыз бузуу, -
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
IV категория: жашы жетелектер үчүн – 120 миң сомдон 140 миң сомго чейин, башка адамдар үчүн – 260 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып төлдөшөт.
Ал эми кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин
127-беренесине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу-
Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -
белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
II категория: жашы жетелектер үчүн - 150ден 250гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башка жеке жактар үчүн - 300дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
К Р   ЖКнин 154-беренесине ылайык, карантиндик режим зоналарынан материалды ташып келүү тартибин бузуу Өзгөчө карантиндик режим өлкөлөрүнөн же зоналарынан материалдарды ташып келүү тартибин бузуу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет. 3-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 170 эсептик көрсөткүч;
КР Жазык кодексинин 216-беренесине ылайык,
Монополиялык жогорку же монополиялык төмөнкү бааларды белгилөө же кармап туруу, же ошого тете эле рынокту бөлүштүрүүгө, рынокко чыгууну чектөөгө, андан экономикалык иштин башка субъекттерин четтетүүгө же бирдей бааларды белгилөөгө же кармап турууга багытталган сүйлөшүү же макулдашылган аракеттер аркылуу атаандаштыкты чектөө, эгерде бул жосундар ири өлчөмдөгү киреше алуу менен коштолсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.
Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоокерчилиги каралган.
КР ИИМнин жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.

Ссылка: https://barometr.kg/erezhelerdi-buzgandarga-katuu-charalar-krlt



Добавить комментарий