Энергетика министрлиги: Массалык түрдө электр энергиясын өчүрүү болбойт
“Массалык түрдө электр энергиясын өчүрүү болбойт”,-деп айтты бүгүн, 6-июнда Энергетика жана өнөр жай министрилигине караштуу Электр энергетика башкармалыгынын башчысы Марат Жээнбеков брифинг маалында. Бул тууралуу “Барометр" билдирет.
“Массалык өчүрүүлөр болбойт, анткени биз гидроэлектрстанцияларда аны максималдуу түрдө өндүрөбүз. ТЭЦ да толук күчү менен иштейт. Ал турган жайкы убакта дагы Бишкек ТЭЦи 160-180 Мгвт. саат менен иштеп жатат, мындай нерсе эч качан болуп көргөн эмес.Жайкысын биз 50-60 Мгвт гана колдончубуз”,-деп айтты башчы.
Энергетика министрлигинин өкүлү, суу аз циклди эске алуу менен Бишкек ТЭЦинин иштеп чыгуу кубаты күчөтүлгөнүн кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/energetika-ministrligi-massalyk-trd-elektr-energiyasyn-chr-bolbojt
Добавить комментарий ×