Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда пневмония менен ооруган 6 бала реанимацияда жатат

17 февраль 2021 14:51 1606 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда пневмония менен ооруган 6 бала реанимацияда жатат. Бул тууралуу 17-февралда аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев түз эфир учурунда билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, борбордо курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмония менен ооруган 136 бала дарыланып жатат.

«Балдардын ден-соолугунун абалы канааттандырарлык. Пневмония менен ооруган 6 бала реанимацияда жатышат, бирок алардын абалы күн сайын жакшырууда», - деди ал.

Узакбаев белгилегендей, күн сайын 180-220 бейтап кайрылат, алардын көпчүлүгү амбулатордук дарылануудан өтүшөт, ал эми күнүнө 32 бала ооруканага жаткырылат.

"Пневмониянын өсүшү коронавируска байланыштуу, анткени COVID-19дан жабыркаган балдар вирустук пневмонияга бат чалдыгышат", - деп кошумчалады ал.

“Күн сайын балдардын ден соолугу менен таанышып, резервдик керебеттерди даярдап турабыз. Учурда орундар жетиштүү, бизге кайрылган балдарга бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлөт ”, - деди Узакбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/ene-zhana-balany-korgoo-uluttuk-borborunda-pnevmoniya-menen-oorugan-6-bala-reanimaciyada-zhatat



Добавить комментарий