Эмне кылабыз? Тез жардам унаасына 9 миң сомдук ”бакыт каттары" келди

2 апрель 2019 12:48 5067 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жеке менчик тез жардам кызматынын унаасына ылдамдыкты жогорулаткан үчүн айып пул келди. Бул тууралуу компаниянын социалдык түйүндөгү расмий баракчасындагы маалыматта айтылат.   

Кабарда белгилүү болгондой жогорку ылдамдык үчүн айып пул медиктер реанимациядан операцияга алып бара жаткан учур үчүн салынган.

“Мынакей достор, “Коопсуз шаар” бизге дагы жетти. Жалпы суммасы 9 миң сомдук 3 “бакыт катты” алдык. Биз баардык карточкаларды карап чыгып: эки учурда нейрожаракаты бар бейтаптарды реанимациядан тез операцияга алып бара жатканда, биринде чакырууга бара жатканда айып пул катталганын аныктадык. Өзүңөр түшүнүп тургандай баардык унаалар атайын маяктарды берип айдашкан. Бирок бир нерсени далилдей албайбыз камералар түстөрдү анча жакшы көрбөйт окшойт. Эмне кылабыз?”,-деп кайрылышты компаниядан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/emne-kylabyz-tez-zhardam-unaasyna-9-mi-somduk-bakyt-kattary-keldi



Добавить комментарий