"Эми ырчылар медициналык окуу жайды башкара баштады" Роза Аманованын ректор болгону талкууга түштү

7 август 2018 01:15 2790 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык баракчаларда Роза Аманованын Эл аралык медициналык окуу жайынын ректору болгондугу тууралуу кызуу талкууга алынды. 

 "Эми ырчылар, элдерди дарылаганды үйрөтөт турбайбы, "коррупция бар өлкөдө баары ушундай болот"- деген талкуулар күч алды. 

Ал ортодо  Роза Аманова 2016 жылдан баштап аталган окуу жайдын ректору экендиги такталды. 

Окуу жайдын өзүнө чалып, бул маалыматты сураганда алар да ырчынын ректор экендигин ырасташты.  

Эске сала кетсек  Роза Аманова  Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жубайы экендиги белгилүү. Аталган окуу жай менчик окуу жай болуп саналат. Үч багытта стамотология, дарылоо жана фармация тармагындагы адистерди даярдап чыгарат

Ссылка: https://barometr.kg/emi-yrchylar-medicinalyk-okuu-zhajdy-bashkara-bashtady-roza-amanovanyn-rektor-bolgonu-talkuuga-tsht



Добавить комментарий