Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген жумушунан бошотулду

25 август 2020 10:11 721 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгон.

Ага ылайык, Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/emgek-zhana-socialdyk-ng-ministri-ulukbek-kochkorov-eelegen-zhumushunan-boshotuldu



Добавить комментарий