Эльвира Сурабалдиева: "Жасаган күнөөлөргө өйдөңкү башкармалык - Жараткандан кечирим сурап калганымды айтпагыла"

24 май 2019 15:19 1614 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева кечээ өзүнүн интернет баракчасына жеке ишкерлердин карыздарын жокко чыгаруу тууралуу мыйзам киргени тууралуу жазып анын баарына коррупцияны күнөөлөгөн. Бирок эл өкүлү бүгүн кайра:

“Орозо күндөрү коррупционерлерди сындабайм десем да, парламентте микрофонду кармаганда сабырдуулукту унута кетем. Анан, кечинде, ооз ачаарда - билип-билбей жасаган күнөөлөргө өйдөңкү башкармалык - Жараткандан кечирим сурап калганымды айтпагыла.
Орозо айында ар бир жараныбызга бекем ден соолук, жакындарыңызга аманчылык, эл-жерибизге тынчтык, мамлекетибизге өнүгүү жолуна түшсүн дегенге тилектешмин. Бар болгула!”, -деп жарандарды Рамазан айы менен куттуктады.

Белгилей кетсек депутат айым ишкерлер айрым депутаттарды лобби кылып жеке ишкерлердин карыздарын жокко чыгаруу тууралуу мыйзам киргенин айтып “Качан оңолобуз?” деп суроо салган. Ага кошумча карызы бар компаниялардын тизмеси менен да бөлүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/elvira-surabaldieva-korrupcionerlerdi-syndabajm-desem-da-sabyrduuluktu-unuta-ketem-zhasagan-knlrg-jdk-bashkarmalyk-zharatkandan-kechirim-surap-kalganymdy-ajtpagyla



Добавить комментарий