Эльвира Сурабалдиева: Мектеп окуучулары жол кире төлөбөсүн

11 сентябрь 2019 15:21 32990 48 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева (СДПК) мектеп окуучуларын коомдук транспорттордо жол кире төлөөдөн бошотууну сунуштады.

Бул тууралуу депутат айым бүгүн, 11-сентябрда Каныбек Исаковдун билим берүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан жыйында билдирди.

Балдар акча төлөбөшү керек. Окуучуларды жол кире төлөөдөн бошотуу керек. Өнүккөн өлкөлөрдө окуучулар үчүн транспорт маселеси чечилген”, - деди Сурабалдиева.

 Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 7 жашка толгон өспүрүм транспортто жүргөнү үчүн толук кандуу жол акы төлөйт. Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен окуучулардан маршруттук каттамдагы автобуста 8 сом, ал эми кичи автобустарда 10 сомдон жол кире алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/elvira-subaladieva-mektep-okuuchulary-zhol-kire-tlbsn



Добавить комментарий