"ЭлТР" телеканалынын башкы директору Айбек Мусаев кызматтан алынды

13 январь 2020 16:11 2641 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"ЭлТР" телеканалынын башкы директору Айбек Мусаев берген арызынын негизинде кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөт башчысынын башка жарлыгы менен аталган телеканалдын башкы директорлугуна Керимбек Калыкулов дайындалды.

Керимбек Калыкулов 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Көп жылдык журналисттик иш тажрыйбага ээ. Мурда «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген.

2014-жылдын июлунан бери «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.

Ссылка: https://barometr.kg/eltr-telekanalynyn-bashky-direktoru-ajbek-musaev-kyzmattan-alyndy



Добавить комментарий