Элмирбек Иманалиевге "КР Баатыры" наамын ыйгаруу сунушталды

10 июнь 2020 13:34 3630 3 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Жогорку Кеңеште акын Элмирбек Иманалиевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгаруу тууралуу сунушун депутат Курманкул Зулушев көтөрүп чыкты.

Өлкөдө саналуу гана таланттуу манасчылар бар экенин белгилеген депутат, "Аларга жөлөк пул берүү үчүн жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек. Өнөр адамдары каза болгондон кийин жаш төкпөй, тирүү кезегинде жардам берүү маанилүү. Мүмкүн убагында жетишээрлик колдоо көрсөтсөк мындан да көп эмгектерди жаратышмак", - деген пикирин айтты депутат.

"Элмирбек Иманалиевге бул намаады тирүүсүндө ыйгарсак, ал макул болмок эмес. "КР баатыры" наамы согушка катышкан, эрдик жараткан инсандарга ыйгарылат эмеспи. Аны маданият өкүлүнө ыйгарууда талаш маселе жаралат. Бирок акынга кайсы гана наамды ыйгарбайлы, ал баарына татыктуу” – деп маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/elmirbek-imanalievge-kr-baatyry-naamyn-yjgaruu-sunushtaldy



Добавить комментарий