Электр энергиясын калк үчүн 1 сом 95 тыйындан кылуу сунушталууда
Электр энергиясынын тарифтик саясаты тууралуу коомдук талкуу 15-июлда аяктайт. Ага чейин жарандар өздөрүнүн сунуштарын талкууга кошо алат. Бул тууралуу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргуль Айдарова маалымдаганын “Барометр” билдирет.
“Белгилүү болгондой, электр энергиясынын апрелдеги тариф саясаты өткөн жок жана биз жаңы концепцияны сунуштадык. Азыр коомдук талкуу жүрүп жатат. Ал 15-июлда аяктайт. Ага чейин баардык кызыкдар болгон тараптар жана керектөөчүлөр долбоор менен таанышып, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин кошсо болот”,-деп маалымдады Миргуль Айдарова.
Белгилей кетсек, июнь айында Энергетика жана өнөр жай министрлиги коомдук талкууга 2021-2025-жылдарга электр энергиясына карата орточо тарифтик саясат тууралуу өкмөттүн токтом долбоорун алып чыккан.
Анда электр баасын баскыч-баскычы менен кымбаттатуу сунушталган.
Адегенде калк үчүн электрдин баасын 1 сом 9,5 тыйындан кылышат жана ал жыл сайын жогорулатылып 2023-жылга карай киловатт-саат энергия 1 сом 48 тыйындан бааланат.
Күз-кыш мезгилинде 1 миң киловатт-саат үчүн лимит киргизилет, андан ашып кеткен колдонуучулар бааны 2 сом 52 тыйындан төлөшү керек.
Ссылка: https://barometr.kg/elektr-energiyasyn-kalk-chn-1-som-95-tyjyndan-kyluu-sunushtaluuda
Добавить комментарий ×