Электр энергиясы сыртка 1 сом 60 тыйындан, кыргызстандыктарга 2 сом 16 тыйындан сатылат. Мунун себеби эмнеде?
Кыргызстан башка мамилекеттерге салыштырмалуу электр энергиясын сырттан сатып алууга муктаж эмес. Анткени өлкөбүздө чакан жана ири бир нече ГЭСдер баардык керектөөчүлөрдү камсыздай алат. Коңшу мамлекеттерге жана жергиликтүү тургундарга сатылып жаткан азыркы тарифтер боюнча Вarometr.kg сайты кызыгып көрдүк.
Көпчүлүктү кызыктырган суроолордун бири сыртка электр энергиясы 1сом 60 тыйындан сатылса, кыргызстандын ичинде 2 сом 16 тыйындан болгону. Мындай көрүнүштүн арты менен алдыңкы жылдары электр энергиясына болгон баа даагы кымбатташы мүмкүнбү?
Бул суроолор боюнча “Улуттук энергохолдинг” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматкери Азамат Курамаев Вarometr.kg сайтына төмөндөгүдөй жоопторду берди:
“Улуттук энергохолдинг” ачык акционердик коому өткөн эки жыл ашыкча өндүрүлүп чыгарылган электр энергиясын кошуна Өзбекстан Республикасына жай мезгилинде 1 кВт саатын 2 АКШ центтен экспорттогон. Анткени 2017-2018-жылдары Токтогул суу сактагычына суунун келиши 100 пайыздан жогору болуп, сууну жөн эле Сыр-Дарыяга агызгыча электр энегиясын иштеп чыгарууга жумшалганы экономикалык жагынан туура чечим болгонун маалымдайбыз. Жайдын күнү иштелип чыккан электр энергиясынын ири көлөмү Кыргызстан үчүн өзүнүн керектөөсүнөн кыйла жогору, ошол себептүү экспортоо чечим кабыл алынган.
Ал эми адыңкы жылдары электр энергиянын баасын орто мөөнөттүү тарифтик саясат аркылуу карап чыгуусу күтүлүүдө. Ошол эле учурда энергокомпанияларга, алдын ала айтканда, 2023 жылдан баштап мамлекетке төлөө каражаттары алынган кредиттерди жабуу максатында көбөйүшү мүмкүн. Бирок азыркы электр энергияга болгон тарифтер учурдагы чыгымдарды жаба албай калат. Ал эми алдыдагы жылдардын баасынын прогнозун “Улуттук энергохолдинг” бере алабайт. Анткени тариф саясатын Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги башкарат” - деп жооп берди.
Азамат Курамаев бул баалар эки тараптык макулдашуунун жыйынтыгы менен бекитилгенин айтты. Ошол эле учурда Өзбекстан башка мамлекеттерден деле 1 кВт саатын 2 АКШ центтен аларын кошумчалады. “Жай мезгилинде суунун көлөмү нормадан ашып бекер эле агып кетет, андан көрө арзан баада болсо да экспорттосок бизге эле пайда түшөт” деп билдирди.
Добавить комментарий ×