Электр энергияга чектѳѳлѳр башталдыбы?

5 ноябрь 2019 11:25 6394 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 2019-2020-жылдагы күзгү-кышкы жылытуу сезонунда электр кубатын пайдаланууга чектөө коюлат. Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларына (макулдашуу менен) электр кубатын пайдаланууга коюлган лимиттин сакталышын көзөмөлгө алууга тапшырма берилет.

Ал эми “Улуттук энергетикалык холдинг” ААКсынан билдиргендей, чектөөлөр өткөн жылдын керектөөлөрүн эсепке алуу менен көбүрөөк көрсөтүлгөн. Бул маалымат, көбүнесе, аталган убакытка электр энергиясын керектөө көлөмү боюнча билдирүү калтырган мекемелерге тиешелүү. Ал эми 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилинде электр энергиясына чектөө болбойт деп ишендирди.


Ссылка: https://barometr.kg/elektr-energiyaga-chektlr-bashtaldyby



Добавить комментарий