Элдик ыкмалар чачтын бекемдөөсүнө жакшы жардам берет

29 декабрь 2021 08:23 2331 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ар бир мезгил алмашкан сайын чачтардын түшүүсү да башталат. Буга чачка туура эмес кам көрүү, ашыкча косметикалык каражаттарды колдонуу дагы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Катуу тартып өрүп жүрүү, оор байлагычтар менен дайыма байлап жүрүү да чачты жабыркатат. Тез-тез жууп туруу, ошондой эле катуу тароо да чачтын бат-бат сынуусуна жол ачат. Шампунь менен жуугандан кийин, атайын жумшартуучу балзамдарды колдонуу чачтын көркүн чыгарат. Суу чач дагы көбүрөөк түшкөндүктөн, жуугандан кийин сүлгү менен катуу сүртүүгө болбойт. Андыктан чачыңызга туура кам көрө билиңиз. Элдик ыкмалар эң жакшы натыйжа берет.

Репейное жана касторово майы

Чачты ар бир жолу жууган сайын репейное жана касторово майын колдонууга болот. ал үчүн жууганга чейин 2 саат мурун чачтын түптөрүнө жакшылап сүйкөп, тарап, желим баштык кийип, жоолук салынып алуу керек. Эки саатта нкийин кадимкидей эле шампунь менен жууп саласыз. Эки ай тынымсыз колдонсо чач абдан жакшы бекемделет.

Кефир жана алма уксусу

Кефир менен алма уксусунан да маска жасасаңыз болот. Кефирди алгач эки саат мурун сүйкөп, желим баштык кийип, андан кийин шампунь менен бир нече ирет кайталап жууйсуз. Артынан бир чака сууга бир аш кашык уксус кошуп чайкап коёсуз.

Алоэ

Алоэнин ширеси дагы чачты жакшы бекемдейт. Аптасына эки жолу чачтын түптөрүн сүртүп, желим баштык кийип, 40 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Кызыл калемпир

Кызыл калемпирден бир даана алып, аны бир стакан спиртке чылап коюп, 7 күнгө тыныктырып коёсуз. Андан кийин аны 3 литр кайнак сууга муздаган соң аралаштырып чачыңызды чайкайсыз. Аптасына эки жолудан эки ай колдонсоңуз, чачыңыздын абалы жакшырганын дароо эле байкайсыз.

Ссылка: https://barometr.kg/eldik-ykmalar-chachtyn-bekemdsn-zhakshy-natyjzha-beret



Добавить комментарий