Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына ырлар сынагы жарыяланды. Кимдер катышат?

15 июнь 2021 09:41 1751 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата атуулдук жаңы чыгармалар үчүн композиторлор арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Конкурстун максаты Кыргызстандын жерин, элин даңазалаган атуулдук жаңы ырларды жаратып, аларды кеңири жайылтуу жана жалпы элдин энчисине айландыруу менен репертуарларды байытуу.

Сынакка катышуучулардын жашына, улутуна жана сунушталган чыгармалардын жанрына чек коюлбайт.

Байгелер:

1-орун (2 чыгармага) — диплом жана 50 миң сом;

2-орун (2 чыгарма) — диплом жана 40 миң сом;

3-орун (2 чыгарма) — диплом жана 30 миң сом;

Кызыктыруучу сыйлыктер (7 чыгармага) — диплом жана 15 миң сомдон.

Сынакка чыгармаларды 15-августка чейин жөнөтүүгө болот.

Ал эми, сыйлыктарды тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда болот.

Чыгармаларды кайсы дарекке жөнөтүү боюнча 0773 71 23 15 номери аркылуу билсеңиздер болот.

Ссылка: https://barometr.kg/el-zher-tuuraluu-yrlar-synagy-zharyyalandy-kimder-katyshat



Добавить комментарий