Эл аралык “Ысык-Көл” аэропорту өзүнүн биринчи жүргүнчүлөрүн кабыл алууга даяр
Туристтик мезгилдин ачылышы менен эл аралык “Ысык-Көл” аэропортуна биринчилерден болуп, 21-июнда Россиянын Новосибирск шаарынан жүргүнчүлөр учуп келет. Аталган каттам жумасына эки ирет шаршемби жана ишемби күндөрү ишке ашырылат.
Ал эми 22-июнда Ош шаарынан учактын келиши күтүлүп жатат. Бул каттам жумасына 3 ирет шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат. Ушул эле күнү 22-июнда "Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясынын биринчи каттамы келиши пландалган. Аталган каттам шейшемби жана жума күндөрү каттап турмакчы.
Ошондой эле 29-июлдан баштап, “Ысык-Көл” аэропортуна Казакстандын Алма-Ата шаарынан QAZAQ air авиакомпаниясынын учагы келип тураары маалым болду.
Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-ysyk-kl-aeroportu-znn-birinchi-zhrgnchlrn-kabyl-aluuga-dayar
Добавить комментарий ×