Эл аралык Куран жарышынын жеңүүчүсүнө 5 миң доллар берилди

1 ноябрь 2021 11:03 2672 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 30-октябрда эл аралык Куран жарышы болуп, ага 11 өлкөдөн өкүлдөр катышты. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Конкурска  Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев жана Түркия, Йемен, Катар мамлекеттеринен келген калыстар Салех Ахмед Салех, Абдуссалам Мукбил Ал-мажиди, Халид Дервишоглу жана Кыргызстандан Анарбай Курбанбеков, Асылбек Таштемиров калыстык кылышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен биринчи орунду Ибрагим Маллабаев (Кыргызстан) ээлеп, 5 миң доллар;

Экинчи орунду Осман Зулпухаргадиев (Дагестан) – 4 500 доллар;

Үчүнчу орундарды: Хабибуллох Олимжанов (Өзбекстан), Иманали Мырзагелди (Казакстан) ээлеп, 2 миң доллардан алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-kuran-zharyshynyn-zhechsn-5-mi-dollar-berildi



Добавить комментарий