Эл аралык кино фестивалда "Курманжан Датка" тасмасы көрсөтүлөт

16 ноябрь 2018 13:45 1109 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Казакстандагы эл аралык кинофестивалда атайын программанын алкагында “Курманжан Датка” тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунун маалымат-катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Шакен Аймановдун эл аралык кинофестивалы Алмата шаарында 17-21-ноябрь күндөрү өтөт. Бул фестивалга көптөгөн кинематографисттер катышып, дүйнөлүк жана казакстандык мыкты тасмалар көрсөтүлөт.

Бул иш-чарада кыргыз кинорежиссеру, продюсер жана Лос-Анжелестеги эл аралык Asian World Film Festival Азия кино фестивалынын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз сынактык программасынын төрагасы болот.

Белгилей кетсек, кыргыз кинорежиссеру Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасы фестивалдын баш байгесине ат салышат.

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-kino-festivalda-kurmanzhan-datka-tasmasy-krstlt



Добавить комментарий