Экс-вице-мэр Азамат Сагындык уулу соттун чечими менен эки айга камалды

28 июль 2021 11:23 1434 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин экс-вице-мэри Азамат Сагындык уулу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу чечимди баш калаанын Биринчи май райондук соту кабыл алганын “Барометр” билдирет.

Ал эки айга тактап айтканда 27-сентябрга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, буга чейин Жер ресурстары башкармалыгынын бухгалтери 6000 доллар суммасындагы пара алып жатканда кармалган. Атайын кызматтын версиясына ылайык, Бишкектеги кафенин ээси Түгөлбай Ата көчөсүндөгү реконструкциянын долбоорун өзгөртүш үчүн 9000 доллар пара бермек болгон. Кафе оңдолуп жаткан жолдун боюна жайгашкан.Кармалган аял Бишкектин вице-мэринин аталган кылмышка тиешеси бар деп көрсөтмө берген. Буга байланыштуу Азамат Сагындык уулу 24-июлда кармалып, УКМКнын убактылуу жайына камалган.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-vice-mer-azamat-sagyndyk-uulu-sottun-chechimi-menen-eki-ajga-kamaldy



Добавить комментарий