Экс-өкмөт башчы Темир Сариев кармалды

3 август 2021 15:09 2094 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашканын “Барометр” билдирет.

УКМКнын ведомстволор аралык иликтөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда.

Бүгүн, 3-августта Сариев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Темир Сариев Экономика министри жана тиелешүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин экологиялык зыянынын суммасын бир нече миллиард сомго азайтып көрсөткөн жана анын натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө заян келтирген.

Жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-kmt-bashchy-temir-sariev-karmaldy



Добавить комментарий