Экс-депутат Болот Шер инсульттан улам комага түштү
Экс-депутат Болот Шер 2 күн мурун инсульт кармап Улуттук ооруканага жеткирилген. Абалы орточо оор деп бааланып комага түшкөн. Бул тууралуу “Барометрге” Садык Шер-Нияз билдирди.
“2 күн мурун инсульт кармап кечээ комага түштү. Учурда абалы орточо оор деп бааланууда. Нейрохирург Миталип Мамытов баш болгон дарыгерлер тобу учурда анын абалына күнү-түнү көз салышып, бардык жардамды көрсөтүүдө” – деп билдирди бир тууганы Садык Шер-Нияз.
Эскерте кетсек, Болот Шер – 61 жашта, кыргыз саясатчысы, экс-депутат, Убактылуу өкмөт учурунда ИИМдин башчысы, парламенттин мурунку спикери болгон.
Буга чейин экс-депутат 2 жолу инсульт болгон.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакка көрүнүктүү депутаттар оорукана алдында чогулган сүрөтү тараган. Анда Омурбек Текебаев, Омурбек Бабанов, Темир Сариев, Максат Сабиров, Садык Шер-Нияз ж.б. сүрөтү жарыяланган.
Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-bolot-sher-insulttan-ulam-komaga-tsht
Добавить комментарий ×