Видео. Эки жаранды мыкаачылык сабагандар кармалды

6 сентябрь 2019 09:41 7490 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok


Буга чейин Жал кичи районунда эки жаранды сабаган адамдарга ИИМ издѳѳ салган. Сабаган  адамдар кармалганын ИИМдин кызматкерлери билдирди. Бишкек шаарында эки кишини катуу сабады деген шек менен издөөдө жүргөн Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков кармалганын маалымдады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кызматкерлери Бишкек Маалыматка ылайык, шаардык милициянын криминалдык кызматынын кызматкерлери шектүүлөрдү Кыргызстандын аймагынан кармашкан. Учурда алар милициянын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

5-сентябрда Жал кичирайонундагы жапырт мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну талап кылышкан.

Буга чейин эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга жем таштаган. Тасмада бирөө катуу соккудан эсин жоготконун, ага карабай аларды белгисиз адамдар башына тепкилеп, жанчып жатканын көрүүгө болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кийин окуя 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлаган.

Чуудан кийин Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар Улуттук госпиталга жаткырылганын, бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирди.

 Алар азыр жалпы палатада дарыланып жатканы айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/eki-zharandy-sabagandar-karmaldy



Добавить комментарий