Эки жаранды мыкаачылык менен сабаган “чоң муштумдар” 2 айга №1 СИЗОго камалды
Бишкектин Жал кичирайонундагы мушташтын шектүүлөрү Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков № 1 тергөө абагына киргизилди.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын кенже инспектор Сайкал Садыбакасова “barometr.kg” сайтына бүгүн билдирди.
Мындай чечимди Свердлов райондук соту 7-сентябрда кабыл алган. Эске салсак, 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» супер маркетинин жанында мушташ болуп, 2 жаран катуу сабалган. Анын бири комадан чыкты, экинчисине операция жасалды. Шектүүлөр издөөгө алынган. Алар окуя болгондон тогуз күн өткөндөн кийин милицияга өздөрү келишкен.
Ал эми окуя болгон жерге келип, мыкаачылык менен сабагандарды кармабастан эркиндикке коюп жиберген милиция кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон.
Ссылка: https://barometr.kg/eki-zharandy-mykaachylyk-menen-sabagan-cho-mushtumdar-2-ajga-1-sizogo-kamaldy
Добавить комментарий ×