Бишкекте банк тонолду. Канча акчаны карактап кеткени такталууда

26 ноябрь 2019 13:23 8452 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан банк филиалы тонолду. Кайсыл банктын филиалы экени азырынча айтыла элек. Бул тууралуу аталган райондун милиция бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга бүгүн эртең менен шаардын Юнусалиев көчөсүндөгү банктын филиалы тонолгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Белгисиз эки адам банк филиалынын имаратына кирип келип, күзөтчүгө күч колдонуу менен банктагы акчаны карактап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Тонолгон акчанын суммасы азырынча такталып жатат.

Бул факты Октябрь райондук милициясында кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш Кодексинин 202-“тоноо” беренси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү табуу боюнча зарыл болгон бардык иш чаралар жүргүзүлүп жатканын милиция кошумчалайт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bank-tonoldu-kancha-akchany-karaktap-ketkeni-taktaluuda



Добавить комментарий