ЕАЭБ өлкөлөрү быйыл жыл аягына чейин мамлекеттик сатып алууларды электрондук форматка өткөрөт
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр жыл аягына чейин мамлекеттик сатып алууларды электрондук форматка өткөрөт. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Алматы шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты.
Ал андан сырткары уюмге мүчө мамлекеттерде лицензиялык программаларды колдонуунун көлөмүн жогорулатуу керектигине токтолду. Себеби, пираттык программалар уюмдун экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип келет.
Маминдин айтымында, пираттык программаларды колдонуу уюмдун ичинде 75 пайызды түзөрүн, ал эми Казакстанда болсо пираттык программаларды колдонуудан келтирилген чыгым 900 миллион долларды түзөт.
Казак премьеринин белгилешинче, уюмга мүчө мамлекеттер лицензиялык программаларды колдонууну жайылтуу менен атамекендик программисттердин ишин колдоого жардам берет.
Андыктан пираттык программаларды жайылтуунун алдын алып, аны менен биргеликте күрөшүү керектигине токтолду.
Добавить комментарий ×