Эң жаш премьер-министр турмушка чыкты (Сүрөт)
Бөлүшүү:
Финляндиянын премьер-министри Санна Марин турмушка чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн сайтына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматка караганда, Финляндиянын премьер-министри 16 жылдан бери жолугуп келген Маркус Райкконен аттуу футболчуга турмушка чыкты. Бактылуу жубайлардын ортосунда 2 жарым жаштагы кызы бар.
Өкмөт башчынын үлпөт тою резиденцияда өттү.
Белгилей кетсек, 35 жаштагы Санна Марин 2019-жылдын декабрь айынан бери премьер-мнистр кызматын аркалап келет. Ал дүйнө жүзү боюнча эң жаш премьер-министр.
Ссылка: https://barometr.kg/e-zhash-premer-ministr-turmushka-chykty-srt
Добавить комментарий ×