Коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды
Бөлүшүү:
Парламенттин көпчүлүк коалициясы бүгүн, 1-февралда, Улукбек Мариповдун Кыргызстандын премьер-министри кызмат ордуна талапкерлигин жактырды.
Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Марипов өз ишинин артыкчылыктуу багыттары экономика, коронавируска байланышкан көйгөйлөр, кадр саясаты жана агрардык секторлор болорун белгиледи.
"Коронавирустун үчүнчү толкуну келе жатат, биз даяр болушубуз керек", - деп кошумчалады Марипов.
Талкуудан кийин коалициянын депутаттары бир добуштан Мариповдун талапкерлигин колдошту.
Эми ал өкмөттүн түзүмүн жана курамын тааныштырышы керек.
Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-kmt-bashchylykka-ulukbek-maripovdun-talapkerligin-zhaktyrdy
Добавить комментарий ×