Дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

21 декабрь 2020 17:23 804 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 19-20-декабрда «Газпром – балдарга» дене-тарбия жана ден-соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын  чемпионаты өттү. Бул тууралуу мамагенттиктин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Мелдештин расмий ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев катышты.

Жалпысынан беттешке  республиканын бардык облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан  250 спортчу  (70– аялдар, 180 – эркектер) катышты.

Эркектер арасында 60 кг салмакта 1-орун – Айбек уулу Кубанычбек (Ош). Ал эми аялдар арасында 1-орун – Жанар Жолдошева (Каракол) утушка ээ болушту. 

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы менен КРнын дзюдо федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/dzyudo-boyuncha-kyrgyzstandyn-chempiondoru-anyktaldy



Добавить комментарий