Джумабеков “депутаттар Бабанов менен жолугушкан” деген маалыматка комментарий берди
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Джумабеков бир катар “депутаттар парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов менен жолугушкан” деген маалыматка комментарий берди. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 3-июлда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
“Мен бул тууралуу сиздер сыяктуу эле ЖМКлардан билдим”,-деп айтты Джумабеков.
Ал 27-июнда сессия аяктаганын кошумчалады. Депутаттар каникулга кетишкен, ошондой эле шайлоочулары менен жолугушуп жатышат.
Добавить комментарий ×