“Джерүйдү” иштетүүчү компания 3 млрд 558 млн сом салык төктү
10-октбярда “Джерүй” алтын кенин иштетип жаткан - “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун салык төлөмдөрүнөн жалпы 3 млрд 358 млн 251 миң 424 сом, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен 1 млрд 424 млн 588 миң 864 сом республикалык жана жергиликтүү бюджетке которулду.
2021-жылдын 10-октябрын утурлай “сатуудан түшкөн каражаттардын 2 пайызы жергиликтүү маанидеги инфраструктураны камсыздоо жана өнүктүрүү үчүн” статьясы менен жергиликтүү бюджетке 149 млн 753 миң 160 сом чегерүү бөлүндү. Анын ичинде:
- Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 74 876 580 сом.
- Талас районун өнүктүрүү фонду (30%) – 44 925 948 сом.
- Бекмолдо айыл өкмөтүн өнүктүрүү фонду (20%) – 29 950 632 сом.
Ссылка: https://barometr.kg/dzherjd-ishtetch-kompaniya-3-mlrd-558-mln-som-salyk-tkt
Добавить комментарий ×